Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев Баткен шаарынын эли менен жолукту.
Жолугушууга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, тиешелүу мекеме ишканалардын облусутук, шаардык жетекчилери, жергиликтүү депутаттар жана Баткен шаарына караштуу аймактык башкармалыктардын башчылары катышып, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берилди.
Жолугушунун башында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов 2021-жылы шаардык мэрия тарабынан аткарылган жумуштар боюнча шаар тургундарына кыскача маалымат берип, 2022-жылга карата шаардык кенеш тарабынан бекитилген иш-пландары боюнча элин кабардар кылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен шаарынын жашоочулары тарабынан шаардагы таза суу, канализация, жарыктандыруу жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин берүү боюнча суроолор берилип, суроолорго шаар жетекчилиги жана тиешелүү мекеме ишканалардын башчылары тарабынан жеринде жооптор берилди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелер боюнча шаар мэри тарабынан жакынкы аралыкта эл менен жолугушуу болоору белгиленди.
Жолугушуунун сонунда облус башчысы тарабынан шаардагы айрым бир кемчиликтер белгиленип, шаар башчысына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине маселени ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46