Баткен шаары жөнүндө
1934-жылы Баткен району уюшулуп, Баткен айылы райондун борбору болуп келген. Ал эми 1996-жылы Баткен айыл өкмөтү болуп уюшулган.
2000-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын №42 мыйзамынын негизинде райондук баш ийүүдөгү шаар статусу берилген.
Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.
Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Кара-Бак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Кара-Булак айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Дара айыл өкмөтү, батыш жагынан Самаркандек айыл өкмөтү менен чектешкен. Ал эми шаардын Дөгмөн жайлоосу Тажикстан Республикасы менен чектешет.
Шаар 6 аймактык башкармалыктан турат — Келечек, Кызыл-Дөң, Базар-Башы, Кызыл-Жол, Булак-Башы, Чет-Булак. Калктын саны — 25024 адам.
Баткен шаарынын мэриясында жалпы айыл чарба 4268 га жери бар. Анын 1106 га үлүш жер. дыйканчарба 1572, акционердик коом 9 га, жеке менчик 1581 га.
Жалпы 650 га көп жылдык бактын 324 га үлүш жер.
Баткен шаарынын карамагында 469 га КБФнын жери бар.
Анын ичинен:
- сугат айдоо аянты— 268,4 га,
- кайрак жердин аянты — 77 га,
- көп жылдык бактын аянты — 123,8 га.