Борбордук базардын айланасы баш аламан соода-сатыктан тазаланды.
Бул AdministratorЖарыяланган 09.09.2021
Шаардык мэриянын адистери жана тиешелүү органдар борбордук базардын аймагында үзгүлтүксүз рейддерди өткөрүүдө.
Иш чара шаардык мэриянын адистери, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы, шаардык муниципалдык менчик департаментинин адистеринин катышуусунда уюштурулду.
Рейд учурунда чатырлар, шатёрлор, столдор, отургучтар алынды. Атайын комиссиялык топ соодагерлерге базардын белгиленген чегинен тышкары жерде коммерциялык ишмердүүлүктү болтурбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Рейддик иш-чаралар муниципалдык кызмат тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер!Сиздерди борбордук базардын ичинде соода ишин жүргүзүү эрежелерин сактоого чакырабыз.