2021-жылдын 1-январына карата Баткен шаары боюнча тактама маалыматтар

Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.  
 
Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Карабак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Карабулак айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Дара айыл өкмөтү, батыш жагынан Самаркандек айыл өкмөтү менен чектешкен. Ал эми шаардын Дөгмөн жайлоосу Тажикстан Республикасы менен чектешет.
 
Баткен шаарынын жалпы аянты 42765.21 га түзөт.
Калкы:
Туруктуу калкынын саны 29723 адам.
Калктын этникалык курамы:
  • кыргыздар – 29602 адам, башка улуттар – 121 адам.
  • Калктын саны –29723 киши.
Анын ичинде этникалык курамы боюнча:
  •  Кыргыздар — 29047 адам
  •  өзбектер — 6 адам
  •  тажиктер — 9 адам
  •  орустар — 10 адам
  •  татарлар — 20 адам
  • башкалар — 16 адам
Batken5
Batken12
Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:
Баткен шаарда 6 аймактык башкармалыктар бар:
  • Келечек аймактык башкармалык;
  • Кызыл-Дөң аймактык башкармалык;
  • Кызыл-Жол аймактык башкармалык;
  • Базар-Башы аймактык башкармалык;
  • Булак-Башы аймактык башкармалык.
  • Чет-Булак аймактык башкармалык.
Социалдык-экономикалык абалы
РДП (ВРП) 2021-жылдын 1-январына карата 1589,3 млн. сомду түздү. Шаарда 78 (ПДН) өнөр жай, 5 айыл чарба багытындагы ишканалар бар.
2021-жылдын 1-январына карата Баткен шаарынын административдик-территориялдык бөлүнүш
Район, шаарлар
Территория, кв. км
Административдик-территориялдык бирдиктердин саны
шаарлар
анын ичинде райондук маанидеги
айылдык кеңештер
айыл калктуу конуштар
Баткен шаары
18,0
1
  
3

Баткен шаарынын паспортун жүктөп алуу үчүн төмөнкү ссылканы басыңыз: