БАТКЕН ШААРЫ  БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Баткен шаары жөнүндө

1934-жылы Баткен  району уюшулуп,  Баткен айылы райондун борбору болуп келген. Ал эми 1996-жылы Баткен айыл өкмөтү болуп уюшулган.

2000-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын №42 мыйзамынын негизинде райондук баш ийүүдөгү  шаар статусу берилген.

Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.

Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Кара-Бак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Кара-Булак айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Дара айыл өкмөтү, батыш жагынан Самаркандек айыл өкмөтү менен чектешкен. Ал эми шаардын Дөгмөн жайлоосу Тажикстан Республикасы менен чектешет.

Шаар 6 аймактык башкармалыктан турат — Келечек, Кызыл-Дөң, Базар-Башы, Кызыл-Жол, Булак-Башы, Чет-Булак. Калктын саны — 25024 адам.

Баткен шаарынын мэриясында жалпы айыл чарба 4268 га жери бар. Анын 1106 га үлүш жер. дыйканчарба 1572, акционердик коом 9 га, жеке менчик 1581 га.

Жалпы 650 га көп жылдык бактын 324 га үлүш жер.

Баткен шаарынын карамагында 469 га КБФнын жери бар.

Анын ичинен:

  • сугат айдоо аянты— 268,4 га,
  • кайрак жердин аянты — 77 га,
  • көп жылдык бактын аянты         — 123,8 га.

Географиясы

Кыргызстандын түштүк-батышында, Оштон болжол менен 240 км алыстыкта жайгашкан. Шаардын жалпы аянты 5180 га. Шаардын жеке аймагы (үлүш участкаларын кошпогондо) 1143 га. Айыл-чарбасы үчүн 4037 га, анын ичинде 1 106 га — дыйкан-чарба үлүштөрү, алардын 918 га—сугат; 393 га—ФПС жерлери, анын ичинде 316 га — сугат; 27 га— айдоо ; 111 га—шаардыктардын үлүш участкалары жана 2400 га жайлоо. Шаардын администрациясына караштуу жерлер 205 км² түзөт. Анын ичинен 51,8 км² шаар аймагы, калган 153 км² үч шаар четиндеги айыл аймактары(алардын ичинен эң чоңу 3207 киши калкы бар Кызыл-Жол айылы), баары биригип 5 760 киши [1]. Шаар администрациясына караштуу жерлерде 17 894 адам жашайт.

Административдик-аймактык түзүлүшү

Аэропорт

Базар-Башы

Булак-Башы

Келечек

Кызыл-Дөң

Кызыл-Жол

Баткен шаарынын картасы