Баткен шаардык кенеши жөнүндө жобо

                                                                                                                                                                 Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын                                                                                                                                                                                     кезектеги  VII сессиясынын                                                                                                                                                                                                                                  № 14  токтомуна    №1 тиркеме

                                   Баткен шаардык Кеңеши жөнүндө

                                                            ЖОБО

I.Жалпы жобо

II. Негизги максаты жана иш чарасы

III. Укуктары жана милдеттери

IV. Баткен шаардык Кеңешин реорганизациялоо жана ликвидациялоо

I.Жалпы жобо

1.1.Баткен шаардык Кеңеши – шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

-Шаардык кеңеш жалпыга бирдей,  тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруунун добуш берүү менен шайлануучу 31 депутаттардан жана аппараттык түзүмдөн  турат.

1.2.Шаардык Кеңеш –Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча өкүлчүлүктүү органдары,  шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү орган.  

  Баткен шаардык Кеңешинин юридикалык адреси:

720100, Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46

1.2.Шаардык Кеңеш,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын  чегинде, шаар аймагына тиешелүү маселелерди кароого жана токтом түрүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

1.3.Кыргыз  Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кенештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикаснын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

1.4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык Кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында жашыруунун добуш берүү менен депутаттардын ичинен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

-шаардык Кеңештин төрагасы болуп аталат.

1.5.шаардык Кеңештин аппараты- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бекитилген штат бирдигинин чегинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык конкурсттук негизде кабылданат жана КР Эмгек Кодексине ылайык бошотулат

1.6.Кеңештин ишмердигин, уюштуруу, укуктук, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыздоо аппараттын негизги милдети жана максаттары;

-шаардык Кеңештин  аппараты  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип,  шаардык Кеңештин депутаттарын уюштуруу протоколдук жактан камсыз кылат.

1.7.Шаардык  Кеңешке шайланган депутаттар партияга таандуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет. Шаардык кеңеште көпчүлүк деп,  депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештин фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расимий жаряланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат.  Фракциялардын курамына  же көпчүлүктүн фракциясынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык Кеңеште азчылык деп  саналат.                                                                                    

II.Негизги максаты жана иш чарасы

2.1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү орган

2.2.жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк – ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү,  тиешелүү аймактагы калктын турмуш – тиричилигин камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү,  аткаруучу орган;

 III.Укуктары жана милдеттери

3.1 жергииктүү  маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

3.2.жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;

3.3.Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

3.4.жергиликтүү  салыктарды,  жыйымдарды жана жеңилдиктерди  киргизүү, ошондой эле Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

3.5.муниципалдык менчикти пайдалануу жанатескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке  ишке ашыруу;

3.6.жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын-шаар мэриясынын иши жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу;

3.7.мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

3.8.жергиликтүү коомдоштуктун (жамаатын) уставын бекитүү;

3.9.тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

3.10.Баткен шаарынын Уставын, шаардык Кеңештин Регламентин, шаардык Кеңештин жобосун жана шаар мэриясынын жобосун бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;

3.11.Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

3.12.Баткен шаардык Кеңешинин регламентин кабыл алуу;

3.13.өз чечимдеринин аткарылышына конторлдук кылуу;

3.14.акаголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдардын сатуунун ырым жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;

3.16.ирригациялык  тармактарды,  үйдөгү жана үй жайдагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

3.17.Баткен шаарынын коомдоштуктун  (жамаатын)  уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;

3.18.муздак сууну, канализацияны,  жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык үчүн ошондой  эле  КР мыйзамдарына ылайык каттуу тиричилик таштандыларды жыйгандык, ташып чыгаргандык жана жок кылынгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

            2.2.шаардык Кеңештин сессияларында төмөнкүдөй маселелер кошумча чечилет:

             1)мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирет;

            2)бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

3)мыйзамда белгиленген шаар жерлерине салыктын ставкаларын (женилдетилген, көтөрүлгөн)  белгилөө;

4) КБФ жерлерин арендага берүүдө аренда акылардын, жайыттардын жайыт акларын, айыл чарба эмес багыттагы жерлердин салыктардын коэффиценттерин,  ставкаларын белгөө;

5)шаардын символикаларын бекитүү;

6)Мыйзамга ылайык долбоордук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөөлөрдү, турак жай фондун ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы, оюн зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модеринзациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;

7) шаардык социалдык маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;

8)мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;

9) шаардын курулушунун башкы планын карайт жана бекитет.

10)Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер

3.19.Жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү мамлекеттикадминистрациясы менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.

3.20.Шаардык кеңеш өзүнүн кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликтүү;

3.21.шаардык кеңештин аракеттеринин  же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан юридикалык жана жеке жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаш-тартыштар, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү  сот тартибинде чечилет

IV.Баткен шаардык Кеңешин реорганизациялоо жана ликвидациялоо

4.1.Сот  тартибинде шаардык Кеңеш тарабынан КР  «Жергиликтүү мамлекеттик адмиситрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрдгы №123 Мыйзамынын 42-беренесинде  көрсөтүлгөн иш аракеттерди жасаган фактысы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентти, шаардык Кеңешти таратууга жана кеңештин жаңы курамына шайлоо жарыялоого укуктуу;

4.2.Шаардык кеңеш ошондой эле Президент тарабынан Мыйзамда каралган учурларда да таратылышы мүмкүн.

4.3.Баткен шаардык Кеңеш иреорганизациялоо жана ликвидациялоодо кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралат.

Жооптуу катчы                                                                                                    Ж.Алдашова