1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Москва шаарындагы Баткен шаары жана Баткен районун башын бириктирген «Баткен Өрүкзар» коомдук бирикмеси тарабынан балдарга майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамга катышкан эмгек мигранттарыбыздын жаш жеткинчектери арасында улуттук ыр бий боюнча сынактар өткөрүлүп, спорттук мелдештер уюштурулду.
«Баткен Өрүкзар » уюму тарабынан оюндун жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер берилип, ата-энелерине үй-бүлөдө элибизге тиешелүү баалуулуктарды сактоого жасаган аракети үчүн ыраазычылыктар билдирилди.
Иш-чараны уюштурган жана жаңылыгы менен бөлүшкөн «Баткен Өрүкзар» коомдук бирикмесине ыраазычылык билдиребиз.