2021-жылдын 1-январына
карата Баткен шаары боюнча тактама маалыматтар

Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.  Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Карабак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Карабулак айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Дара айыл өкмөтү, батыш жагынан Самаркандек айыл өкмөтү менен чектешкен. Ал эми шаардын Дөгмөн жайлоосу Тажикстан Республикасы менен чектешет.Баткен шаарынын жалпы аянты 42765.21 га түзөт.   

Туруктуу калкынын саны 29723 адам

0
Кыргыздар
0
Өзбектер
0
Таджиктер
0
Орустар
0
Татарлар
0
Башкалар

Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:

административное терротерильное

Баткен шаарда 6 аймактык башкармалыктар бар:

1.Келечек  аймактык башкармалык

2.Кызыл-Дөң аймактык башкармалык

3.Кызыл-Жол аймактык башкармалык

4.Базар-Башы аймактык башкармалык

5.Булак-Башы аймактык башкармалык

6.Чет-Булак аймактык башкармалык

Социалдык-экономикалык абалы

РДП (ВРП) 2021-жылдын 1-январына карата 1589,3 млн. сомду түздү.
Шаарда  78 (ПДН) өнөр жай, 5 айыл чарба багытындагы ишканалар бар.