Баткен шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардагы билим берүү тармагындагы бардык жетекчилер менен биргеликте 9-июнда өтүүчү “Акыркы конгуроо” иш-чарасын өткөрүү боюнча кенешме болуп өттү.
Жыйынга Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, шаардык кенештин төрагасы Алтынбек Аширов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Ахматбеков, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жана мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери катышты.
Кенешмеде “Акыркы конгуроо” жана бүтүрүүчү класстардын экзамен тапшыруу учурундагы ыксыз чыгымдарын жоюу, мектептердин камкорчулар кенеши жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынтыгында Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев жана шаардык кенештин төрагасы Алтынбек Аширов тарабынан бүтүрүүчү класстардын окуучуларынын машиналарды жалдап жүрүүсүнө, майрамга карата эс алуу жайларына барууга (ата-энесинин коштоосу жок) жана мектептин аркандай чыгымдарына ата-энелерден акча жыйноого тыюу салынды.
Ошондой эле шаардык мэрия тарабынан тиешелүү жетекчиликтерге жана мектеп директорлоруна кабыл алынган эрежелерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.
Эскертүү; Шаарда майрамга карата тишелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иш алып барып, рейддер жүргүзүлүүдө.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46