“Ынтымак” саясий партиясынын Баткен шаардык кенешинин депутаттарынын колдоосу менен 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Баткен шаары жана Баткен районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, шаарда жайгашкан “Нур” жана “Аруужан” мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыптандыруу борборунун тарбиялануучулары, “Фаиза” жана “Мадина” шаарчаларынын жаш өспүрүмдөрү, Тамга жана Ыйман мектебинин окуучулары чакырылып, балдар үчүн эсте калаарлык күн белгиленди.
Майрам Баткен шаарындагы “Аквапарк” эс алуу борборунда өтүп, майрамдык салтанаттын 300дөн ашуун катышуучусуна концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюндар уюштурулуп, сый тамак берилди. Ошондой эле жалпы иш-чаранын катышуучуларына Аквапаркта сууга түшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Белгилей кетсек, Баткен шаарында жайгашкан Аквапарк эс алуу борборунун жетекчиси, шаардык кенештин депутаты жана жеке ишкер Замирбек Сейитказиевдин колдоосу менен шаардагы аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз сууга түшүү мүмкүнчүлүгү берилип келүүдө.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46