• Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш
  • +996 (3622) 52001
  • meria-batken@mail.ru
  • Дуй-Жум 09:00 - 17:00
Facebook
Instagram

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Жанылыктар

БАТКЕНГЕ ПРЕЗИДЕНТ С.Н.ЖАПАРОВ КЕЛДИ

Бул  Administrator  Жарыяланган  28.06.2022
Баткенде И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.
Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу башталууда.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.
КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.
«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.
Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктарына ишеничин билдирди.
Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалады. Илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин.
Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү.
Ошону менен бирге тургундар Мамлекет башчысына алардын аймагына көңүл бургандыгы жана колдоосу үчүн, ошондой эле эмгек акылар менен жөлөкпулдардын сезилээрлик жогорулоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Садыр Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстар улуттук максаттар менен тапшырмаларды ишке ашырууга багытталууда.
Жолгушуу соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.
СИП Администрация Президента КР

Жооп калтыруу Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

ШААРДЫК ЖЕТЕКЧИНИ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТТЫ
Мурунка статьясы
СУУГА ТҮШҮҮДӨ САК БОЛГУЛА
Кийинки статьясы

Баткен шаардык Кеңешинин
жана мэриясынын расмий сайты

Дуй-Жум

08:00 - 17:00

Facebook
Linkedin
Instagram

Мэриянын байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов кочосу №46

03622-5-20-01

03622-5-20-08

meria-batken@mail.ru

Шаардык Кеңештин байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов кочосу №46

03622-5-20-02, 5-20-14

03622-5-20-08

bat.gor.kenesh@mail.ru

© Баткен шаардык кеңеши и Баткен шаарынын мэриясы. Все права защищены | Сайт создан IprofiKG
[]
1 Step 1
Мэрия кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адресyour full name
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft
[]
1 Step 1
Кеңеш кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адрес
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft