Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы 30-январда саат 10:00дө өткөрүлөт. Сессияга катышууга чакырабыз
Бул AdministratorЖарыяланган 20.01.2023
20.01.2023-жыл
Сессияда төмөнкү маселелер каралат:
Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана шаардык Кенешинин төрагасынын 2022-жылдагы аткарылган иштеринин отчёту;
Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө;
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2022-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жакшыртуу боюнча бекитилген иш-чаранын аткарылышы жөнүндө;
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2022-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жакшыртуу боюнча аткарылган иштери жөнүндө;
Баткен шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун 2022-жылга аткарылган абалы жөнүндө.