БАТКЕН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНДА КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯ БОЛУП ӨТТҮ
Бул AdministratorЖарыяланган 31.05.2022
Бүгүн, 2022-жылдын 31-майында Баткен шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана шаардык мекеме-ишканалардын башчылары катышып 2 маселе каралды.
1. КР Президентинин 2021-2022-жылдардагы Жарлыктарынын Баткен шаардык мекеме-ишканалар тарабынан аткарылышынын абалы жөнүндө;
2. Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2022-жылдын 1-кварталына карата аткарып жаткан иштерин абалы жөнүндө.
Кенешмеде 1-маселе боюнча Баткен шаарыдык мэриясынын Уюштруу иштери жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы И.Рыскулова жана 2-маселе боюнча Социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси Э.Пинназаров тарабынан жыйындын катышуучуларына маалымат берилди.
Жыйындын баяндамачылары тарабынан КР Президентинин 2021-2022-жылдардагы Жарлыктарынын Баткен шаардык мекеме-ишканалар тарабынан аткарууда жана Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2022-жылдын 1-кварталына карата аткарган иштеринин артыкчылыгы жана кемчилиги белгиленип, тиешелүү жетекчилерге сын-сунуштар берилди.
Кенешменин журүшүндө Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов тарабынан КР Президентинин жарлыктарын, КР Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ошондой эле Баткен шаардык мэриясынын тапшырмаларын аткаруудагы кемчиликтерге токтолуп, жалпы жыйындын катышуучуларына жеринен тапшырмалар берилди.