Баткен шаарында башталгыч класска 776 окуучу барат.
Бул AdministratorЖарыяланган 15.09.2021
Быйылкы жаны окуу жылы С.Огата атындагы орто мектебине кошумча жаңы курулган имараттын ачылышы менен башталды.
Бул мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алат.
Шаар мэри Имамназар Бурканов жалпы билим берүүнүн кызматкерлерин жана окуучуларды окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Баткен шаарынын аймагында 6 орто, 1 гимназия мектеп, 3 жеке менчик жана 2 башталгыч мектеп бар. Ошондой эле 5 мамлекеттик жана 6 жеке менчик балдар бакчалары өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө.
Өткөн окуу жылында шаарда 6614 окуучу билим алып, 5 балдар бакчаларында 1200 бала тарбияланган. Аларга 390 мугалим билим берсе, 54 тарбиячы наристелерди тарбиялап келишет.