Кызыл-Жол аймагындагы «Асыл тукум» эчки чарбасынын 19 га жер аянтына «Дарья» сортундагы «элитная» жазгы буудай үрөнү себилди. Бүгүнкү күнгө чейин 29 га аянтка жазгы буудай, 5 га аянтка арпа үрөндөрү себилип бүткөн.
Талаачылык жумуштарындагы негизги маселе сугат сууларына байланыштуу болгондуктан айрым жерлерде арыктарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Ал эми 45 километр ички чарбалык арык, каналдар ашар жолу менен тазаланууда.