Баткен шаарында “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу боюнча мэрдин атайын буйругу чыкты. Буйрукка ылайык сынак жыл сайын апрель айында өткөрүлөт. Жаштар арасында өткөрүлүүчү «Жаш кеменгер» наамын ыйгаруу боюнча маселе Баткен шаардык кеңештин сессиясында каралып, токтом чыккан.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Баткен шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 17-июнундагы №32 токтомуна ылайык, Баткен шаарынын аймагындагы бардык тармактарында өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөткөн жаштардын жетишкен ийгиликтерин колдоо боюнча Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” кароо сынагы уюштурулат.
Баткен шаарынын аймагындагы атайын орто жана жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мектептерде билим алып жаткан окуучулардын арасында илим-билимде жеке жетишкендиктери, ойлоп тапкычтыгы, маданият жана спорттогу өзгөчөлүгү жана ар тараптуу ийгиликтерин колдоо максатында Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” сыйлыгын ыйгаруу боюнча кароо-сынагы жыл сайын апрель айында уюштурулат.
Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилген. “Жаш кеменгер” наамынын төш белгиси жана лентасынын үлгүсүн карап чыгуу түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлгөн.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46