Баткен шаарында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата малдарды жайлоолорго чыгаруу, алынуучу акылар жана эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, шаардык кенештин депутаттары, Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы К.Бердишев, Баткен райондук токой чарба башкармалыгынын башчысы Б.Козубаев, Баткен ЖПБ башчысы М.Зикираев жана жергиликтүү малчылар катышты.
Жыйында жүрүшүндө шаар мэри И.Бурканов тарабынан малчыларга элдин малын багууда элдерибиздин абалын эске алып бодо малдарга төлөмдөрдү биринчи айга 800 сом, калган айларга 600 сом, ал эми майда малдарга биринчи айга 200 сом, калган айларга 150 сом акы алуу сунушталып, тиешелүү кызматтарга малдарды эмдөөнү жеринде жана өз убагында жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ветеринардык башкармалык тарабынан малчыларга малдарды жайлоого алып чыгууда эмдөө талаптарын аткаруу жана белгиленген тартип аткарылбаган учурда малчыларга мыйзамдуу чаралар көрүлөт экендиги эскертилди.
Жыйынтыгында жайлоого алып чыгуу убактысы белгиленип, эмдөө иштерин жүргүзүү убактысы такталып, шаар жетекчилиги тарабынан сунушталган малдарга алынуучу акылардын баасы колдоого ээ болуп, чечим кабыл алынды.
Жыйындын сонунда малдарды жайлоого чыгаруу убактысы
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46