Баткен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Акылбек Орозов, шаар калкынын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү тармактарга тапшырмалар берип, рейд жүрүүдө.
Учурда Баткен шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай өткөрүлүүдө.Мындан ары санитардык-гигиеналык эрежелерди жана талаптарды сактабагандарга, калкты тейлөөчү тармактарга, коомдук жайларга, соода түйүндөрүнө айып пул салынып, чара көрүлөт.
Ошондой эле коомдук жайларда бет кап тагып жүрүүнү эскертет.
Урматтуу шаардыктар! Бет кап тагынып жүрүңүздөр, социалдык аралыкты сактаңыздар!
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46