Баткен шаарында КРнын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Баткен шаарынын мэриясы жана Баткен шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган спорттук мелдеш жыйынтыкталды.
Спорттук мелдешке жалпысынан Баткен шаардык жана шаарыбызда жайгашкан мекеме-ишканалардан 15 команда катышып, кичи-футбол, волейбол жана шахмат оюндарынан күч сынашты.
Калыстардын жыйынтыгынын негизинде эркектер арасында кичи-футбол боюнча:
1-орун Баткен райондук соту
2-орун Баткен шаардык ИИБ
3-орун Баткен аймактык колледжи
Ал эми кыз-келиндер арасында өткөн волейбол боюнча:
1-орун С.Айтматов атындагы орто мектеби
2-орун Баткен шаардык балдар бакчалыры курама командасы
3-орун В.И.Ленин атындагы орто мектеби
Шахмат боюнча: (Эркектер арасында)
1-орун Момунов Манас
2-орун Турдубаев Жакып
3-орун Гулматов Абдижалил
Шахмат (Аялдар арасында)
1-орун Калматова Кишимжан
2-орун Бекботоева Мария
3-орун Кадырова Минавар камсыз кылышты.
Женүүчүлөр Бааткен шаарынын мэриясы жана Баткен шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46