Баткен шаарында жайгашкан ЖИА Бизнес-ассоциациясы, Ишкердикти колдоо борбору тарабынан бей өкмөт уюмдардын колдоосу менен «Баткен Агро Форум» иш-чарасы өтүп жатат.
Аталган форумга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Тулаев, Баткен районунун акими У.Жоробаев, Баткен шаарынын аппарат жетекчиси Б.Кожомбердиев, облус аймагынан келген жергиликтүү дыйкан, фермерлер жана ишкерлер катышууда.
Иш чарада Баткен шаарынын аппарат жетекчиси Б.Кожомбердив сөз сүйлөп, форумда атайын адистер тарабынан берилген маалыматтар жергиликтүү ишкерлерге чон мотивация берип, тажрыйба алмашууга өзгөчө шарт түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.
Ошондой эле форумдун журүшүндө айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, жергиликтүү дыйкан, фермерлер жана жеке ишкерлер тарабынан айыл чарба продукцияларын көргөзмөсү өтүүдө.