Баткен шаарында 2010-жылдын 7-апрелинде орун алган элдик революциянын 12 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп өттү.
Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон жергиликтүү бийликтин башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш чарасында шаар башчысы, өлкөбүздүн сонку тарыхында болуп өткөн элдик революциялар элибиздин эркиндикке жана адилеттүүлүккө болгон күрөшүнүн жениши экенин белгилеп, тарыхыбыздагы мындай окуяларды журтубуз эч качан унутпайт экендигин айтып өттү.
Митингтин соңунда 7-апрель күнү курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.