БАТКЕН ШААРЫНДА ЭСКЕРТҮҮЛӨР ИЛИНИП, ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ.
Бул AdministratorЖарыяланган 20.06.2022
Баткен ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жайкы каникул мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илип жатышат.
Ал эми аталган инспекция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында күндүн ысышы менен өз алдынча сууга түшкөн жаш өспүрүмдөргө коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Эске сала кетсек, тиешелүү кызматкерлер тарабынан кооптуу жерде жашаган тургундарга жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 45 эскертүү актылары берилген. Ошондой эле жыл башынан бери Баткен шаарында жаш өспүрүмдүн сууга чөккөн фактысы 1 жолу катталган.
Урматтуу ата-энелер жана шаарыбыздын тургундары!
Жайкы каникул мезгилинде балдардын сууга түшүүдөгү кокустуктардын алдын алууга жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүнүздөрдү өтүнөбүз.