Бүгүн 16 –июль күнү саат 10:00 -12:00 аралыгында Баткен шаардык мэриясынын чоң залында Баткен шаардык мэриясы жана Баткен шаардык кенешинин демилгеси менен Баткен шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Коомдук угууга жалпысынан 50 дөн ашуу шаар тургундарынан, массалык маалымат каражаттарынан, жарандык активисттер жана тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү катышты. Талкууда сын-пикирлер жана сунуштар, толуктоолор боюнча жаңы ойлор айтылды.
Бул коомдук угуунун негизги максаты болуп жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү калктын талабын эске алуу менен коомдук маанилүү маселелери боюнча тең салмактуу, алгылыктуу чечимди кабыл алуусу саналат.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46