Баткен шаарынын мэриясы улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмү.
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим.
. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Айыл чарба, өнөр жай жана курулуш сектору
1.Башкы адис-экономика жана финансы маселелери боюнча
—жогорку билим, экономика жана финансы багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, инженер, энергетика багыттары боюнча.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Ар бир талапкер:
— коммуникабелдүү;
— өз алдынча иштөөгө жөндөмдүү;
— кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билүү;
— компьютер менен иштөөнү билүүсү зарыл (word, excel, Internet Explorer);
Керектүү документтер:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баянын резюмеси, сүрөтү;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Керектүү документтер 2023-жылдын 20-июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46, Баткен шаарынын мэриясы Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмү, телефон 5-20-06.
Эскертүү. Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлер конкурска чакырылат.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46