БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ИМАМНАЗАР БУРКАНОВДУН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТООСУ
Бул AdministratorЖарыяланган 01.07.2022
Урматтуу медицина кызматкерлери!
Ардактуу медицина кызматынын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Эзелтен дарыгердин кесиби гумандуу кесиптердин бири болуп келген. Ал зор күч-кубатты, сабырдуулукту, терең билимди жана мээрмандыкты талап кылган өзгөчө кесип деп айтыкым келет. Адамдын өмүрүнөн жана ден-соолугунан кымбат эч нерсе жок. Сиздер адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден-соолугун коргоп, сактап келесиздер. Албетте, мамлекеттин өнүгүүсү жана келечеги үчүн улуттун саламаттыгы, руханий жактан бакубаттуулугу саламаттык сактоо системасынын ишмердүүлүгүнө жараша болот.
Ошондой эле оорулардын алдын алуу, коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү, башкарууну өркүндөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын арттыруу жана жеткиликтүү кылуу боюнча Сиздерге маанилүү милдеттер коюулуп турган чагы.
Адамзат тарыхындагы акыркы жылдары орун алган пандемия менен күрөшүүдө өлкөбүздө жана анын ичинде Баткен шаарында эмгектенген медицина кызматкерлери чон эрдик жасадыныздар. Өмүрүңүздөргө болгон коркунучка карабай, элибиздин амандыгы үчүн күнү-түнү тыным көрбөй күрөшүп, берген антка бекем туруп, милдетиңиздерди бийик жоопкерчилик менен аткардыныздар. Сиздердин бул каармандыгыңыздарга таазим кылабыз жана таза ниет, ак эмгегиниздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Учурда мамлекетибиз тарабынан тармакта иштеген кызматкерлерге жетиштүү камкордук көрсөтүү максатында эмгек акыларды жогорулатып, тутумда иштеген кызматкерлердин татыктуу шартта иштөөсүн камсыз кылуу, элибиздин ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча бир топ аракеттер көрүлүүдө. Акыркы эле жылдары шаарыбызда заманбап медициналык мекемелер курулуп пайланууга берилди. Бул курулуштар элибиздин бардык суроо талабын канаатандырууга жетишсиз экенин билебиз. Андыктан тармактын ишмердүүлүгун жакшыртуу жана элибиздин талабын аткаруу үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылуубуз керек.
Урматтуу медицина кызматкерлери!
Ардактуу ардагерлер!
Дагы бир ирет Сиздерди кесиптик майрамыныздар менен куттуктаймын!
Адамдар оорудан жана илдеттен айыгууну гана эмес, сиздерден жылуу мамилени, мээрмандыкты жана сабырдуулукту да күтөт. Ошондуктан ар бир медицина кызматкери өз жоопкерчилигин сезе билип, берген антына бекем туруп, элибизге ак кызмат кылат деген ишеничтебиз.
Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Элибиздин дени сак болуп, өлкөбүз тынчтыкта өсүп өнүгө берсин!