Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов аяз атага кат жазган балдардын тилегин аткарды.
Бул AdministratorЖарыяланган 29.12.2021
Баткен шаарында жаңы жылдын алдынан 11 бала аяз атага кат жазып, ар кандай белектерди сураган.
Алардын тилегин шаар башчысы менен атын атагысы келбеген жеке ишкер биргеликте аткарышты. Мэр Имамназар Бурканов жаш жеткинчектерди жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап белектерди тапшырды.
“Жаңы жыл алдында силерге бекем ден соолук, бактылуу балалык каалайм. Ошондой эле алдыга койгон максат тилектериңердин орундалышына тилектешмин. Келечегиңер кең, бактылуу балдардан болгула. Өлкө башчыбыз жана жергиликтүү бийлик ар дайым балдарды колдоого даярбыз.”,-деди Имамназар Бурканов