БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ИМАМНАЗАР БУРКАНОВДУН «1-ИЮНЬ ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ» КАРАТА КУТТУКТООСУ
Бул AdministratorЖарыяланган 01.06.2022
Урматтуу ата-энелер жана биздин сүйүктүү жаш жеткинчек дотор!
Сиздерди бүгүнкү «Эл аралдык балдарды коргоо күнү»майрамыныздар менен куттуайм!
Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Бул күнү ар бир ата-эне балдарына мээримин төгүп, коомубузда балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин далилдеген салтуу майрам күн.
21-кылымда Ата-анелерге жана мугалимдерге балдарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө өзгөчө жүк жүктөлүп, ааламдашуу заманында дени сак, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо кыйынчылыгы жаралууда. Балдарды оору-сыркоодон сактап, зордук-зомбулуктан коргоо менен бирге тескери маалыматтык таасирлерден жана зыяндуу адаттардан сактоо миледети коомчулукка тагылып турган чагы.
Ошондой эле балдарга жетиштүү тарбия жана билим берүүдө ата-эненин орду өзгөчө орунду ээлейт. Ички жана тышкы миграциянын агымы күч алып турган чакта, ата-энесине жана жакын тууганына калтырып кеткен балдардын укугун коргоо, тарбиялоо жана билим берүү сыяктуу маселелерди чечүү мезгилдин талабы деп эсептеймин.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө балдар укугун коргоо менен жаш жеткинчектердин татыктуу тарбия жана сапаттуу билим алуусуна өзгөчө маани берилип жаткан мезгил. Ага ылайык балдарга берилүүчү жөлөк пулдар жогорулап, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчуларына акчалай колдоолор көрсөтүлүп келүүдө.
Ал эми Баткен шаардык мэриясы тарабынан балдарга жетиштүү таалим-тарбия берүү үчүн колдон келген аракеттер жасалууда. Шаарда мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу менен жалпы билим берүү тармагынын материалдык базасын чындоо иштери колго алынып жатат. Жакынкы күндөрү Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында жайгашкан 50 орундуу “Мээрим-Нуру” балдар бакчасы ачылып пайдаланууга берилет. Шаарда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Нур” балдарды калыптандыруу борборунда психолог, логопед жана дефектолог адистери кызмат көрсөтүүдө.
Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы тарабынан балдар күнүнө карата 72 аз камсыз болгон жана чек ара окуясында каза тапкан жарандардын балдарына 36000 сомдук майрамдык колдоо көрсөтүлдү.
Урматтуу ата-энелер!
Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана бактылуу боло алат. Балдар – биздин келечегибиз жана алардын ден соолугу чың, билимдүү, жан дүйнөсү бай адам болушу үчүн Баарыбыз Бирге аракет кылалы!
Кымбаттуу жаш достор!
Дагын бир жолу Силерди майрамынар менен куттуктаймын.
Силерге узун өмүр, бекем ден соолук жана бактылуу балалык каалайм.
Силер акылдуу жана чынчыл өсүп, ата-эне, бир тууганынарга күйүмдүү болуп, элибиздин керегине жараган мыкты уул-кыздардан болуп өсүшүнөргө тилектешмин.