БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ИМАМНАЗАР БУРКАНОВДУН КУТТУКТООСУ
Бул AdministratorЖарыяланган 07.06.2022
Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.
Өлкөбүздөгү финансы жана экономика чөйрөсүндөгү татаал маселелерди чечүүдө Сиздердин салымыныздар өтө жогору деп баалайбыз.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө акчанын куну туруксуз абалда турган мезгилде кызматыңыздарда кылдаттык менен тактыкты талап кылып жаткан учур. Кандай болгон күндө да өз ишиниздерди мыкты аткарып, өлкөбүздүн жана Баткен шаарынын финансылык- экономикалык абалын жакшырышына салым кошосуздар деген шеничтебиз.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
Ылайым жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, өлкөбүз өсүп өнүгө берсин.