Урматтуу мугалимдер жана ата-энелер!
Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, окуучулар!
Жалпыныздарды 2021-2022-окуу жылынын аякташы “Акыркы конгуроо” майрамдык салтанаты менен куттуктайм.
Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы жылдары пандемияга байланыштуу окуу тартиптери өзгөгөрүп, анын ичинде “Акырк конгуроо” сыяктуу салтуу майрамдарды өзгөчө шартта белгилеп келдик. Мугалимдерибиз окуучуларды аралыктан окутууда жана таалим-тарбия берүүдө зор эмгек жасап, жаш жеткинчектерге татыктуу билим берүүдө өз кесибин сүйгөн, ишине ынтызар экендигин далилдеди.
Учурда өлкө башчыбыз тарабынан мугалимдерибиздин эмгектери бааланып, билим берүү тармагына өзгөчө көнүл бурулуп, айлык акылар жогорулап, мугалимдин коомдогу оброюн көтөрүү боюнча бир топ алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Бүгүн Силердин жашооңордо эн маанилүү өзгөчө күн. Бүгүндөн тартып Силерге чон адамдардай көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралып, турмушта кездешүүчү айрым бир жоопкерчилитер Силерге өткөрүлүп берилип жатат. Силердин мындан кийинки коомдогу ордунар буга чейинки алган билиминерге, бүгүндөн тартып койгон чон максатынарга жана максатка жетүү үчүн жасаган аракекетинерге түздөн-түз көз каранды. Андыктан ар биринер өзүнөр сүйгөн кесипти тандап билим алып, коомдон өз ордунарды таап, мекенибизге жана шаарыбызга кызмат кылышынарга тилектешмин.
Жараткан бекем ден соолук берип, ата-эне бир тууганынарга сый көрсөтүп, учкан уянарды унутпай кабар алып, элибиздин батасын алган уул-кыздардан болушунарды каалаймын.
Ал эми мугалимдерибизге жаш өспүрүмдөгө берген билиминиздердин акыбети кайтып, МЕНИН АГАЙЫМ, ЭЖЕКЕЙИМ деген сыймыктуу даражаныздар жогорулай берсин демекчимин.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46