БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ИМАМНАЗАР БУРКАНОВДУН КУТТУКТООСУ!
Бул AdministratorЖарыяланган 09.07.2022
Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору!
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Баардыгыңыздарды Курман айт майрамы менен чын дилден куттуктаймын!
Кылымдарды карыткан элибиздин тарыхында Курман айт күнү момун мусулман бир туугандар курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасашат. Ата-бабаларыбызды жана жакындарыбызды эскерип кураан окуп, жакшы ниет менен ак дасторкон жайып, тапканын ортого салып майрамды өзгөчө шаң менен белгилеп келишет.
Курман айт майрамынын башка майрамдардан өзгөчөлүгү таарынгандар бирин-бири кечирип, жакындарынан кабар алып, муктажга жардам берип, чыныгы мусулманга тиешелүү болгон кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана боорукерликтин үлгүсүн көрсөтүшөт.
Андыктан, бүгүнкү Курман айт күнү айтылган бардык тилегиңиздерди жана кайрымдуулук иштериңиздерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максатыңыздар ишке ашып, баарыбызга кийинки Курман айт майрамын белгилөө насип этсин.
Жараткан элибизди бөөдө кырсыктан сактап, жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!
Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мусулман бир туугандар!