Сиздерди өлкөнүн эң башкы улуттук, улуу майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Өлкөбүздүн 30 жыл аралыгындагы өнүгүү жолунда Кыргызстандын тарыхында кыйын, ошол эле учурда түп тамырынан бери кайра түзүүнүн жана жаңы мамлекеттин түзүлүшүнүн даңазалуу жылдары жазылып калды. Өлкөбүздө жүргүзүлгөн реформалар жарандык коомдун, күчтүү бийликтин жана өнүккөн экономиканын бекем пайдубалын түптөдү.
Баткен шаарыбыз облустук шаар макамына ээ болуп, инфраструктурабыз өнүктү. Кыска аралыктын ичинде Баткен шаары, болуп көрбөгөндөй өстү. Көчөлөрүбүз жарыктандырылып, чоң калаалардын катарына кошулуп, шаарыбызда жогорку окуу жайлар ачылды. Таза суу менен камсыздоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести, өнөр жайды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга көңүл бөлүндү. Экономикалык, маданий, социалдык тармактарыбыз жакшырып, бир катар мекемелер курулду. Баткен өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түштү.
Эгемендүүлүктүн шарапаты менен жаралган мындай ийгиликтерге чек болбосун.
Эркин өлкөмдүн туусу желбиреп, Ата Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун!
Жараткан колдоп, алдыга койгон асыл максаттарга чогуу жетели.
Эгемендигибиз кут болсун!
Сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды Кудайым өзү колдосун!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу жердештер!