БАТКЕН ШААРЫНЫН ЭН БЕЛГИЛЕРИН ТҮЗҮҮГӨ СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ (ГИМНИНЕ, ГЕРБИНЕ ЖАНА ТУУСУНА)
Бул AdministratorЖарыяланган 17.01.2023
17.01.2023-жылы жарыяланды
Тиешелүү буйрукка Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кол койгон.
Облустук маанидеги шаар статусун алгандан кийин шаардын гимни, герби жана желеги бекитилген. Баткен шаардык кеңештин чечими менен шаардын мурдагы эн белгилери жокко чыгарылган. Азыр бардык нюанстарды эске алып, аларды кайрадан өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Баткен шаары облустук маанидеги жана чек арага жакын жайгашкан стратегиялык мааниге ээ шаар болгондуктан Гимнде жана Желекте эч кандай кемчиликтер болбошу керек, деп айтылат маалыматта.
«Гимндин музыкасы жана сөздөрү жашоочуларды патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө үндөп, Баткен шаарын даңазалаган элдик Гимн болушу керек. Гимн тургундардын жүрөгүнөн орун таап, сыймыктануу менен ырдалышы зарыл», — деди мэр Имамназар Бурканов.
Сынакка кесипкөй композиторлор, музыкага кызыккан чыгармачыл адамдар катыша алышат. Сынак 2023-жылдын 1-июль күнү саат 10:00дө Баткен шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлөт. Гимндин сөзү жана обонунун авторлоруна сынактык комиссия тарабынан 150 миң сом, гербдин авторуна 80 миң сом, желектин авторуна 80 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылат.
Сынактын шарттары:
Атрибуттар жазуу менен камсыз болушу мүмкүн;
— Туунун туурасы узунун 3/5 өң жана иштелген сүрөттөр жалпы өңдүн жарымынан көбүн тоспоо зарыл жана туу күн нуруна туруктуу, бышык жакшы материалдан жасалуусу керек.
— Герб — аймактагы жаратылыш баалуулуктарын, патриоттук сезимдерди камтыган сүрөттөрдү чагылдырышы керек жана жазуулар кыргыз тилинде болушу шарт.
— Гимн -музыка менен сөзү дал келгендей болуп, сөздөрдүн мааниси патриоттук сезимдерди чагылдыруусу абзел. Планшеттин экспозициялык талаасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
— пландоо чечиминин схемасы менен айкалыштырылган участоктун башкы планынын схемасы;
— бир нече көз караштар боюнча перспективалар же фотомонтаждар;
— Кароо-сынактын катышуучусунун пикири боюнча сунушталган атрибуттарды жаңыдан иштеп чыгуу долбоорунун негизги идеяларын ачып берүүчү башка демонстрациялык материалдар.
Көрсөтмө материалдар жана түшүндүрмө кат электрондук нускада кайталанышы керек.
Кароо-сынактын катышуучуларын каттоо жана документтерди кабыл алуу ушул Жобо жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде Баткен шаарынын мэриясынын социалдык маданий өнүктүрүү бөлүмүндө жүргүзүлөт, маалымат үчүн телефон: (03622) 50978