Баткен шаарынын борбордук базарынын айланасындагы Сайдиман ажы, М.Нургазиев, М.Салихов жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүндө жол четинде мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарды базар ичине киргизүү боюнча рейд жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарага Баткен шаарынын вице-мэри М.Маматисаев жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Рейдтин жүрүшүндө базар айланасында жол четинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга протокол түзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан шаар тургундарынын жөө жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан чатырлар, тосмолор жана жарнама такталары алынды.
Белгилей кетсек шаар жетекчилигинин буйругунун негизинде борбордук базардын айланасындагы жол четинде баш аламан соода-сатыкты жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияга тиешелүү шаардык кызматтар кирип, белгиленген тартип боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамга баш ийбеген жарандарга протокол түзүү менен тийиштүү мекемелерге өткөрүп берүү боюнча тапшырмалар коюлган.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46