Бүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов «World Share» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Ким Янг Су менен жолугушту.
Бул AdministratorЖарыяланган 18.08.2021
Бүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов «World Share» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Ким Янг Су менен жолугушту. Жолугушууда 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 36 шейит кеткендердин жакындары үчүн курулуп жаткан үйлөргө таза суу тартып берүү маселеси боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Учурда Баткен таза суу ишканасы тарабынан суу тартып келүү максатында казуу иштери аткарылууда. «World Share» коомдук кайрымдуулук фонду таза суу тартып берүү үчүн керектелүүчү каражаттарын алып беришет. Бул иштер толук аткарылса 36 турак үйлөр менен кошо социалдык шаарчадагы 100 үй да таза суу менен камсыз болот.