Баткен шаарынын В.И.Ленин атаныдагы орто мектебинде шаардагы бүтүрүүчү класстардын ата-энелеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйынга Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Ахматбеков, шаардык мусулмандар казысы жана тиешелүү тармактын өкүлдөрү катышты.
Жыйында ата-энелерге “Акыркы конгуроо” жана окуучулардын бүтүрүү экзамен тапшыруу учурундагы ыксыз чыгымдарды жоюу, майрам күндөрү балдардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча маселер каралды.
Жыйынтыгында шаардык жетекчилик тарабынан майрамдык иш-чараны өткөрүү боюнча маалымат берилип, ата-энелерге майрам күндөрү тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп, рейддер жүргүзүлүп жатканы боюнча кабар берилди. Ошондой эле жетекчилик тарабынан бүтүрүүчү класстардын окуучуларын коопсуздугун камсыз кылууда ата-энелерге биргелишип иш алып баруу, майрам күндөрү окуучуларга тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча суранычтар айтылды.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46