Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде бекитилген “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдында башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө ” Жобого ылайык ички ротациялоо жолу менен Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси дайындалды.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык, Баткен шаардык мэриясынын аппарат жетекечиси административдик муниципалдык кызмат ордуна Кожомбердиев Батырбек Абдимиталипович дайындалды.
Буйрукка Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кол коюп, жаны дайындалган жетекчини эмгек жамаат менен тааныштырды.
Кошумча маалымат.
Батырбек Кожомбердиев 1980-жылы 22-августта Баткен районунун Таян айылында төрөлгөн.
Адистиги юрист.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.
Алгач эмгек жолун 2004-жылы Баткен РЭС ишканасынын юристи болуп иштөө менен баштаган. Аталган ишканада 2012-жылга чейин эмгектенген.
2013-2016-жылдары Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин юристи болуп иштеген.
2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаардык мэриясынын юристи, башкы адис кызматтарын аркалап келген.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46