Бүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана шаар жетекчилиги жалпы ковид илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү.
Шаар мэри Имамназар Бурканов «Вакцина бул — пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү аракеттердин бири. Эмдөө алуу менен элибиздин өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу штаммдарынын жайылышынын алдын алууга шарт түзөбүз. Ошондуктан жалпы шаар тургундарын COVID-19га каршы эмделүүгө чакырам»,-деди.
Учурда Баткен шаарында «Спутник» жана «Pfizer» вакцинасы берилип жатат. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эмдөөнүн 1-дозасын алгандар 1 млн. 442 миң 915 кишини түздү. Ал эми эмдөөдөн толук өткөндөр 1 млн. 164 миң 390 киши. Учурда өлкөдө Ковидке каршы 1434454 вакцина бар.