Курман айт майрамы менен Баткен шаарынын тургундарын шаар мэринин куттуктоосу.
Бул AdministratorЖарыяланган 20.07.2021
Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору!
Кымбаттуу кадырман мусулман бир туугандар!
Сиздерди улуу, касиеттүү Курман айт майрамы менен шаар мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын көңүлдөн куттуктаймын!
Жалпыбыздын негизги милдетибиз коомду алга өнүктүрүү болуп саналат. Жарандарыбыздын барчылыкта, жакшы турмушта, адептүү коомдо жашоосу үчүн болгон аракетти жасап келебиз. Бирок адеп-ахлаксыз, ыймансыз коом эч качан алга жылбашы баарыбызга маалым. Ылайым коомубузда жалаң жакшылыктар болуп, элибиз аман, жергебизде тынчтык, өнүгүү болсун.
Ислам дини — адамдын ички, сырткы жана жалпы коомдун тазалыгын, адамдардын сабырдуулугун, сүйүүсүн, камкордугун, мээрбандыгын жана бири-биринин алдындагы милдетин жайылткан улуу баалуулук. Ал биздин коомубуздун жакшырышына, туруктуу жана бекем болушуна өз салымын кошот.
Ошондуктан учурдан пайдаланып Пандемия шартында биз бир-бирибиздин алдыбызда жаран катары, инсан катары, мусулман катары милдеттүү экендигибизди эскертип кетким келет. Бул да болсо биз үчүн сыноо жана чоң милдет. Урматтуу шаар тургундары өзүңүздү жана өзгөлөрдү да ойлоп ковид илдетинин арабызда жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу жана алдын алуу үчүн эмдөө алыңыздар. Биз барыбыз биргеликте, коопсуздук эрежелерин сактоо менен эмдөө алып коомубузду сактап калабыз.
Ылайым биздин Өлкөдө, анын ичинде өрүкзарлуу, күнөстүү Баткен шаарыбызда тынчтык, ынтымак, бакубат жашоо жана барчылык болсун! Жараткан жергебизге тынчтык, кут береке, элибизге ыйман, ынтымак, сак саламат жашоо, сабырдуулук, биримдик, бак дөөлөт берсин.