«МАДИНА» шаарчасындагы 36 үйдүн ачкычтары тапшырылды.
Бул AdministratorЖарыяланган 16.09.2021
Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн курулган 36 үйдүн ачкычтарын жана жердин кызыл китебин салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова, КРнын ЖКнин депутаты Карамат Орозова, КРнын Президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КРнын Президентинин атайын өкүлү М.Рахимов, шаар мэри Имамназар Бурканов, үйлөрдү куруп берген «Ихлас», «СМА групп» курулуш компанияларынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, шаар тургундары, шейит кеткендердин жакындары жана коноктор катышууда.
Шаар мэри Имамназар Апызович «Чек ара куралдуу кагылышында 36 жараныбыз курман болуп, элдин баарын кайгыга салды. КРнын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен шейит кеткендердин жакындарына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында үйлөр курулду. Өз каражаттарына үйлөрдү куруп берген «Ихлас», «SMA Group» курулуш компанияларынын эмгегин баса белгилеп айтып кетүү зарыл. Мындан ары чек ара аймагында мындай окуялар болбосун деп тилек кылалы. Ылайым элибизде, жерибизде тынчтык, амандык болсун»,-деди.