Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып «Манас ордо» комплексинде эт жана май багытындагы асыл тукум койлордун көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөгө өлкөбүздүн 7 облусунан жана кошуна Казакстандан коноктор келишти.
Бүгүнкү иш чарада «Гиссар», «Афган», «Алай», «Арашан» асыл тукум койлорунун сынагы болду.
Көргөзмөнү өткөрүүнүн максаты эт багытындагы асыл тукум койлорун көбөйтүүнү жакшы жолго коюу. Чарбачылыкты өнүктүрүп, сандан сапатка өтүү.
Кыргызстанда пайда болгон «Арашан» койлору «Гиссар» койлорунан чоң келет. Алар совет доорунда эле гиссар койлор менен кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштыруудан келип чыккан. Бул асыл тукум койлорго 2021-жылдын 15-апрелинде «Арашан» деген ат берилди. Учурда фермерлер «Арашан» коюнун козуларынан алып, көбөйтүү жолунда. Мындай койлордун жөнөкөй койдон айырмасы, булар жалаң эт багытында болуп, баасы да эки үч эсеге кымбат. Фермерлер алдыда «Арашан» койлорун көбөйтүү үчүн жасалма уруктандыруу керектигин белгилеп кетишти. Асыл тукум койлорду көбөйтүү үчүн Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту министрликтин астындагы «Элита» деген ишкана азот станциясын курууда. Азот станциясы урук алып тоңдуруп керектүү жерлерге жеткирүүдө. Мындан тышкары Ош шаарына да жасалма уруктандыруучу азот заводун куруу пландаштырылып жатканы маалым болду.