Баткен шаардык мэриясынын буйругунун негизинде түзүлгөн тил комиссиясы тарабынан шаардын аймагындагы жарнактар, кулактандыруулар, багыт берүүчү түшүндүрмөлөр жана башка маалыматтардын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп берүүсү боюнча рейд өткөрулдү.
Иш-чаранын журүшүндө шаардын аймагында иш алып барып жаткан бир топ жеке менчик ээлерине «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын беренелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талабын одоно бузган ишкерлерге аталышын жана маалымат берүүчү жарыясын мамлекеттик тилде жазуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Эскертүү: Баткен шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы аталыштырды, жарнактарды, кулактандырууларды жана башка маалымат берүүчү көргөзмөлөрдү мамлекеттик тилде жазылуусун камсыз кылууну жеке ишкерлерден суранат.
Ал эми белгиленген мөөнөттө талап аткарылбаган учурда, комиссия тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт экенин эскертет!