“Рамазан” айына карата Баткен шаарынын борбордук стадионунда Баткен облусундагы муктаж үй-бүлөлөргө “Ак Демилге” жана “IHHNL” кайрымдуулук фондунан күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды.
Тизме фондтун өкүлдөрү жана айыл имамдары тарабынан түзүлүп, 200 үй-бүлөгө ун, суу май, куруч, кум шекер, чай жана ун азыктарынан жардамдар берилди.
Иш-чарага Баткен шаарынын вице мэри М.Маматисаев катышып, фондтун өкүлдөрүнө жана жардам колун сунган бардык жарандарыбызга ыраазычылыгын билдирди.