КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына жана “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Баткен шаардык мэриясынын ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык сынак өткөрүлдү.
Баткен шаардык мэриясынын ички кадрлар резервин түзүү боюнча жарыяланган сынакка катышууга жалпысынан 15 жаран арыз берип, сынакка 14 талапкер катышты.
Конкурстун биринчи шартына ылайык 14 талапкер тест тапшырып, тиешелүү упайды 4 талапкер камсыз кылды. Жобо боюнча экинчи бөлүккө жетиштүү упайды камсыз кылган 4 жаран чакырылып, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы конкурстук комиссиясы тарабынан ангемелешүү жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы комиссия ангемелешүүгө катышкан 3 талапткерди Баткен шаардык мэриясынын ички кадрлар резервине киргизүү боюнча чечим кабыл алышты.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46