МЭР ГЕРМАНИЯНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ ГАБРИЭЛЛА ГЕЛЛИЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бул AdministratorЖарыяланган 18.03.2022
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэлла Геллил менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, айыл-чарба, инфраструктураны жакшыртуу багытында жана шаардагы жаштардын келечеги боюнча сөз жүрдү. Бул жаатта биргеликте ишке ашырылуучу пландар тууралуу айтылды.
Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Геллил Баткен шаарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрө турганын кошумчалады.
Мындан сырткары ар тараптуу кызматташтык, социалдык жана экономикалык мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.