Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагындагы «Кызыл-Дан» өндүрүштүк үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин 5 га айдоо жерине буудай үрөнү себилди.
Иш-чара, КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана айыл аксакалдарынын катышуусунда өткөрүлдү.
КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады. «Бул майрам ар бир адам үчүн келечектен жакшылыктарды күткөн күн. Нооруз майрамы элибизге бүтүндүк, чек арабызга коопсуздук, элибизге ынтымак алып келсин. Быйыл ар бир кыргызстандыктын кампасы мол түшүмгө толсун, деди»
Ошондой эле Аскарбек Жаныбеков өз сөзүндө: «Биз элибизди азык-түлүк менен жеткиликтүү камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин негизги максатыбыз. Ошондой эле Кыргызстанда тамак-аштын физикалык көлөмү жеткиликтүү. Тынчсызданууга негиз жок. Тамак-аштын көлөмү материалдык резервдер кампаларында дагы жетиштүү көлөмдө сакталуу бойдон.
Мындан тышкары, эки жуманын ичинде Кыргызстанга минералдык жер семирткичтер келе баштайт. Ал үчүн республикалык бюджеттен минералдык жер семирткичтерди алып келүүгө 1 млрд сом жана өлкөбүздүн ирригация тармагын жакшыртуу максатында техникаларды сатып алууга да 1 млрд сом бөлүнгөн»,- деди.
“Кызыл-Дан” айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи 2022-жылдын түшүмү үчүн 20,0 га аянтка «стекловидное» сортундагы күздүк буудайын эккен. Бүгүн 5 га жерге Орусия өлкөсүнөн алынып келинген буудайдын “Элита” сорту эгилди. Мындан тышкары кооператив 5 га жерге жаздык арпа себүүнү пландаган. Ал эми күзүндө 26 га аянтка беде, 8 га жерге жүгөрү, 2 га жерге күн карама үрөндөрү эгилген.
“Кызыл-Дан” айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи 2008-жылдын 19-ноябрында маркум Ысыманали Дыйканов тарабынан түзүлгөн. Учурда анын уулу Дыйканов Аскарбек Ысманович жетектеп келет. Айыл-чарба кооперативинин материалдык-техникалык базасы да чың.