8-февраль күнү Кызыл-Жол орто мектебинин 11-классынын окуучулары Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов менен жолугушту.
Мэр Имамназар Бурканов жана төрага Алтынбек Аширов окуучуларга окууларына ийгилик жана кең келечек каалап, мамлекетке кызмат кылган, патриот, чыгаан уул-кыздар болушуна тилектештигин билдирди.
Ошондой эле окуучулар шаардык мэриядагы ар бир бөлүмдүн аткарган ишмердүүлүктөрү менен таанышышты. Танышуу учурунда мэриянын кызматкерлери өздөрүнүн аткарган кызматтык иштери жана техникалык-базасын көрсөтүшүп, адистиктердин артыкчылыктары жана келечеги тууралуу маалыматтар беришти.