Бүгүн Баткен шаарында ооган ардагерлерин эскерүү-реквиеми өтүп, ага ооган согушунун катышуучулары, мэр Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, шаардык имам-хатиб Абдурашит Юнусов, шаардык мэриянын жана район администрациясынын өкүлдөрү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындары катышып, мекенине кайтпай калгандарды эскеришти.
Эскерүүнүн расмий бөлүгүндө аскер комиссариатынын, шаар мэри жана ооганчылардын өкүлдөрү сөз сүйлөп бардык ардагерлерге таазим айтышты. Аны менен катар шаар мэри Имамназар Бурканов, тынчтык орношуна кыргыз жоокерлеринин салымы чоң экендигин белгилеп, ооган ардагерлерине ыраазычылык билдирди.
Мэр Имамназар Буркановдун куттуктоосу.
«Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери!
Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 33 жыл болду. Дээрлик 10 жылга созулган ооган согушунда өз моюнуңуздарга артылган интернационалдык милдетиңиздерди абийирдүүлүк менен аткарып, мекен, эл алдында жүзүңүздөр жарык болуп отурасыздар. Баткен окуясында да сиздер, ооган ардагерлери алдыңкы катарда болдуңуздар. Азыр да өзүңүздөрдүн жарандык парзыңыздарды ар-намыстуулук менен аткарып, Баткен шаарынын турмушуна алгылыктуу салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Ошондой эле жаштардын мекенчилдик сезимин арттыруу максатында, Ата-Мекенди коргоочуларды тарбиялап, жаштарга патриоттук дух берип келесиздер.
Жоокер-интернационалисттерге, бардык согуштардын жана куралдуу кагылыштардын ардагерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына бакыт-таалай, бакубатчылык, ден соолук, шаарыбыздын жана Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштеринде ийгиликтерди каалайм»,-деди.
Иш чаранын соңунда ооган ардагерлерине шаар мэри Имамназар Буркановдун, Ооган согушунун ветерандарынын республикалык советинин өкүлү Д.Бейшеевдин жана «Согуштук бир туугандык» эл аралык советинин төрагасы, Советтер Союзунун баатыры Громовдун Ардак грамоталары тапшырылды.
Белгилей кетсек, Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 15 ооган ардагери бар. Баткен шаардык мэриясы ооган ардагерлерин эскерүү күнүнө карата жалпы 50 миң сом бөлгөн. Акча каражаттары ардагерлердин ар биринин өздүк эсеп-счётуна которулган.
Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашуун жоокер курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген.
и ещё 11
18Нурийла Анарбаева, Мансурбек Маматисаев и ещё 16