Баткен шаардык мэриясы жана тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте жайкы каникул мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эске сала кетсек, бул күнгө чейин тиешелүү кызматкерлер тарабынан шаардагы сууга түшүүгө кооптуу катары саналган жерлерге эскертүүлөр илинип, кооптуу аймакка жакын жашаган тургундарга жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 45 эскертүү актылары берилген. Ошондой эле жыл башынан бери Баткен шаарында жаш өспүрүмдүн сууга чөккөн фактысы 1 жолу катталган.
Урматтуу ата-энелер жана шаарыбыздын тургундары!
Жайкы каникул мезгилинде балдардын сууга түшүүдөгү кокустуктардын алдын алууга жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүнүздөрдү өтүнөбүз.