«ТҮШТҮК-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна активдүү катышкандар сыйланды
Бул AdministratorЖарыяланган 04.09.2021
Баткенде «Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды.
Бүгүн Баткен шаардык мэриясында «Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга Баткен шаарынын мекеме-ишканаларынан активдүү катышкан кызматкерлер, шаар башчысы Имамназар Буркановдун ыраазычылык каты менен сыйланды.
«Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусуна 1,5 миңден ашык жаран катышып, КР Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана УКМКнын Чек ара кызматынан 200дөн ашык аскер кызматчылары тартылган.