Баткен шаарынын Жеңиштин 40 жылдыгы жана Жибек жолу көчөсүн бириктирген Ходжаев көчөсүнүн үстүнкү бөлүгү болгон кыска көчө жергиликтүү жашоочулар тарабынан мыйзамсыз тосуп алынган. Буга байланыштуу аталган көчөнүн жашоочулары өтө албай ыңгайсыздык жаралып жатканы тууралуу мэрияга арыз жазышып, арыздын негизинде муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлери барып көзөмөл жүргүзгөн. Текшерүү учурунда жергиликтүү жашоочулардын одоно мыйзам бузуу менен кыска көчөлөрдү бекитип, короо куруп алышканы аныкталган. Жолду тороп алуу, шаардын жолдор боюнча башкы планына карама каршы келет.
Мыйзам боюнча Мамлекеттин карамагындагы чоң жана кичи көчөлөрдү жеке менчикке айландырып, мыйзамда каралган кызыл сызыктан өтүп курулуш жүргүзүү одоно мыйзам бузууга кирет. Андыктан Баткен шаардык муниципалдык менчик департаменин кызматкерлери аталган көчөнү ачып, мыйзамсыз курулган курулуштарды алуу боюнча эскертүүлөрдү берди. Буга байланыштуу тийиштүү органдарга маалымат берилип, тез арада ишке ашырылууда.
Ушундай эле жолду кеңейтүү жумуштары шаардын Кыргызстандын 60 жылдыгы, Кыргызстандык 50 жылдыгы, Муса Кадыр, Коммунизм, 8-март, Т.Садыков көчөлөрүндө жүрүп жатат.
Шаар тургуну Сайдимар Амираев жол оңолсо иш оңолот дейт. Анын айтмында жолдун тосулуп калуусу жашоочулар үчүн кыйла ыңгайсыздык жараткан. Себеби тосулган жолдун айынан үйүнө айланып келүүгө туура келген.